Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат


Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант.
Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант.

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат. Алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынганын Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 19-декабрда ырастады.

Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар. Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.

13-декабрда «Азаттыкка» Хабаровскидеги мигранттар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою сабашканын билдиришкен. Бул окуя боюнча Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктаган. (LzT)

XS
SM
MD
LG