Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Момбеков: Кой-Таш окуясы боюнча корутунду өзгөртүлсө, комиссияны сотко берем


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун түп нускасын сурай турганын билдирди. Эл өкүлү эгерде комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган баяндамада айырмачылык болсо анда комиссияны сотко берерин айтты.

- Комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн генерал Артур Капарович жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айтып жатса, мен ага толугу менен ишенем. Бул жерде эки текст болгон. Анын үстүнө комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине түшпөй, эмне үчүн көпкө чейин кармалды? Буга бийлик кийлигишип, комиссиянын эки корутундусу жасалган. Бирөөнө кол койдуруп алышкан, экинчисин жарыялап коюшкан. Бул билинип калды. Бул тастыкталса комиссиянын корутундуну өзгөрткөн мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кайра жаңы комиссия түзүлүшү керек. Комиссиянын баяндамасы жараксыз болгондон кийин анын мүчөлөрү да, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому да жараксыз болуп калат.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 17-декабрда комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар экенин айткан.

Муну 19-декабрда комиссиянын дагы бир мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да ырастады.

12-декабрда парламент Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүн карап жатканда комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Равшан Жээнбеков «Алмазбек Атамбаев коркок экен. Качып, бүжүрөп бир бурчка тыгылып алды. Биз да сүйлөшө алган жокпуз. Ошон үчүн маселе чечилген жок» деп айтканын жарыялаган. КСДП бул маалыматты четке каккан.

Корутундуга Рыскелди Момбеков ушул жылдын 6-апрелинде КСДПнын курултайына, 17-мартта митингине катышканы боюнча маалыматтар киргизилген. Сооронкулова менен Медетбеков мындай маалымат алар кол койгон бүтүмдө жазылбаганын билдиришти.

Ал эми Исмаил Исаков буга чейин «Азаттыкка» берген комментарийинде комиссиянын корутундусу өзгөртүлбөгөнүн айткан. Сөз болуп жаткан мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген. Ал азырынча үн ката элек.

12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырган. Мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди. Атамбаевди колдогон КСДП болсо муну тааныган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG