Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кой-Таш: комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн дагы бир мүчөсү айтып чыкты


Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун айрым жерлери өзгөртүлгөнүн комиссиянын дагы бир мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да билдирди.

Ал «Азаттыкттын» суроолоруна жооп берип жатып биринчи берилген бүтүм менен андан кийинки корутундунун ортосунда бир аз айырма бар экенин ырастады. Бирок бул корутундунун мазмунуна олуттуу таасир бербесин кошумчалады.

- Чындыгында эле башында баарыбыз кол койгон корутундуда Момбековдун аты жок болчу. Ошондой эле Равшан Жээнбековдун «Атамбаев коркуп качып келбей койду» деген маалыматы да жок эле. Бул жерде бир аз туура эмес түшүнүктөр пайда болуп калыптыр. Ошондуктан Клара Сооронкулованын айтканы абдан туура, - деди Медетбеков.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар экенин айткан. Ал баштапкы корутундуда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун аты жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун Атамбаев тууралуу айтканы жок экенин билдирген.

12-декабрда парламент Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүн карап жатканда комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Равшан Жээнбеков «Алмазбек Атамбаев коркок экен. Качып, бүжүрөп бир бурчка тыгылып алды. Биз да сүйлөшө алган жокпуз. Ошон үчүн маселе чечилген жок» деп айтканын жарыялаган. КСДП бул маалыматты четке каккан.

Ал эми корутундуга Рыскелди Момбеков ушул жылдын 6-апрелинде КСДПнын курултайына, 17-мартта митингине катышканы боюнча маалыматтар киргизилген. Момбеков парламентте комиссиянын корутундусуна аты жазылып калганын сынга алган.

Исмаил Исаков буга чейин «Азаттыкка» берген комментарийинде комиссиянын корутундусу өзгөртүлбөгөнүн билдирген.

12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырган. Мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди.

​Атамбаевди колдогон КСДП болсо комиссиянын бүтүмүн тааныган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG