Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

Ноокатта тургундар милицияга имарат белек кылышты


Жар-Коргон айылындагы милициянын таяныч пунктунун ачылыш аземи.
Жар-Коргон айылындагы милициянын таяныч пунктунун ачылыш аземи.

Ноокат районунун Насирдин Исанов айылдык аймагынын Жар-Коргон айылынын тургундары милициянын таяныч пунктуна имарат белек кылышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган айылдагы жеке ишкер Закир Исаков өзүнө дүкөн үчүн салган 32 чарчы метр аянтка ээ менчик курулушун коомдук тартипти көзөмөлдөөгө кол кабыш кылуу максатында кайтарымсыз негизде милицияга өткөрүп берген. Кыштактын 1981-жылы туулган жаштары каражат топтоп имаратты оңдоп, эки бөлмөлүү таяныч пунктуна ылайыктап заманбап эмеректерди сатып беришкен.

Имарат айылдык орто мектепке, китепканага, соода түйүндөрүнө жакын болуп, жолдун кесилишинде жайгашкан.

Таяныч пунктунун ачылышы 14-декабрда өтүп, ага айыл тургундары жана милиция кызматкерлери катышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Кеңешбек Рахманов аземде сөз сүйлөп, Жар-Коргон айылынын тургундарына ыраазычылык билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG