Түндүк Корея 14-декабрда билдирүү таратып, өзүнүн Сохэ полигонунда алыскы аралыкка атыла турган ракетасын “ийгиликтүү” сынаганын жарыялады.
Бул билдирүү Пхеньян АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына басым коюп жаткан учурда жарыяланды. Өлкө лидери Ким Чен Ын өзөктүк курал боюнча токтоп калган сүйлөшүүлөрдү бүтүрүү үчүн жыл аягына мөөнөт койгон.
Ким өткөн жылы Пхеньянда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен болгон саммитте ортодогу ишеничти бекемдөө үчүн Сохэ аянтчасын жабууга макул болгон.
“Сохэ полигонунда 22:41ден 22:48ге чейин дагы бир маанилүү сыноо ийгиликтүү өткөрүлдү”,- деди Түндүк Кореянын Коргонуу илимдеринин улуттук академиясынын өкүлү KCNA маалымат агенттиги. “Изилдөөлөр тармагындагы ийгиликтер ишеничтүү стратегиялык өзөктүк куралданууну мындан ары да бекемдөө үчүн колдонулат” деген Түндүк Кореянын өкүлү.
Жарыяда сыноо 13-декабрда өткөнү көрсөтүлгөн эмес. Ушундай эле мазмундагы билдирүү аз күн мурдараак да жарыяланган.
Трамп менен үч жолку жолугушуудан кийин да санкциялар алынбагандан кийин Пхеньян эгер Вашингтон жыл соңуна чейин макулдашууга келбесе, “жаңы жылга жаман белек” болорун убада кылган. (ErN)