Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Ташкент Каримованын швейцариялык адвокатынын өлкөгө келишине тыюу салды


Быйыл август айында Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Быйыл август айында Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Өзбекстандын бийлиги мурдагы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы адвокатын өлкөгө киргизбөө тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, адвокат «этикалык норманы бузду» деп айыпталып жатат.

Грегуар Манжа «Азаттыктын» өзбек кызматына берген комментарийинде өзбек бийлигинин дооматтарын четке кагып, чечимге Гүлнара Каримова кармалып турган түрмөдөгү шарт-жагдайдан көңүлдү алагды кылуу аракети катары баа берди.

Ушул жылдын август айында Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону маалым болгон. Башкы прокуратура экс-президенттин кызына «Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн, мамлекеттик каражатты уурдаган, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деген айып койгон.

Көзөмөлдөөчү орган Каримованы эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан деп күнөөлөгөн.

Жаңы иш эл аралык компаниянын арызынын жана маалыматтарынын негизинде козголгон. Анын адвокаты Каримованын соту жашыруун өтүп жатканын айтып чыккан.

Каримова 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген.

XS
SM
MD
LG