Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Депутат Нурбаев: сот медиага этият мамиле кылышы керек


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев соттор жалпыга маалымдоо каражаттарына мамиледе этият болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу Матраимовдордун үч басылмага ири өлчөмдө доо коюп, сотко кайрылганына байланыштуу «Азаттык» радиосуна берген комментарийде айтты:

- Келечекте демократиялуу, өнүккөн мамлекет курабыз десек, биринчи кезекте сөз эркиндигине өтө этият мамиле кылышыбыз керек. Албетте, ар бир адам сотко кайрылып, абийирин сактоого аракет кылууга акылуу. Бирок сот жалпыга маалымдоо каражаттарына мамиледе этият болушу абзел. Соттун шашылыш түрдө басылмалардын эсебин камакка койгону туура эмес деп ойлойм,- деди Нурбаев.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG