Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Израилде кайрадан парламенттик шайлоо жарыяланды


Бенни Ганц жана Биньямин Нетаньяху.
Бенни Ганц жана Биньямин Нетаньяху.

Израилде бир жылда үчүнчү жолу парламенттик шайлоо дайындалды. Фракциялар башкаруучу коалиция курай албаган соң Кнессет өзүн-өзү таратууну чечти. Бул тууралуу «Гаарец» гезити жазды.

Буга чейинки шайлоо 17-сентябрда өткөн. Анын жыйынтыгында «Ликуд» партиясы 31 орун, «Кахоль-Лаван» 33 орун алган. Бардыгы болуп Кнессетте 120 мандат бар.

21-октябрда өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттү өз мөөнөтүндө түзө албай турганын билдирген соң, бул укук оппозицияга берилген. Бирок атаандашы да башкаруучу коалицияны түптөй алган жок.

Быйыл май айында Израилде биринчи парламенттик шайлоо өткөн. Анда да премьер-министр коалиция түзө алган эмес. Келерки добуш берүүнү 2020-жылдын 2-мартында өткөрүү пландалууда.

XS
SM
MD
LG