Жергиликтүү жетекчилер жана НАТОнун өкүлдөрү Баграмдагы АКШнын негизги аба базасында 11-декабрдагы жанкечтилердин кош жардыруусунан бир киши өлүп, 60тай адам жарадар болгонун кабарлашты.
Аскердик база жайгашкан Парван провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Вахид Шахкар жардыруудан кийин 30 мүнөттөй атышуу болгонун, кол салгандар базага кирүүгө аракет кылышканын айтты.
Кош чабуул АКШ Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жанданткандан кийинки учурга туш келди.
Ноябрдын акырында АКШ президенти Дональд Трамп мурда жарыяланбаган иш сапары менен Ооганстанга барып кеткен.
Баграмдагы кол салуу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Маалыматтарда өлгөн киши да, жарадар болгондор да оогандыктар экени кабарланды.
НАТОнун «Чечкиндүү колдоо» миссиясы да АКШнын аскерлеринин жана коалициялык күчтөрдүн катарында эч кандай курмандык жок экенин маалымдады.