Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Вашингтондо АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү өттү


Сергей Лавров жана Майк Помпео. 10-декабрь, 2019-жыл.
Сергей Лавров жана Майк Помпео. 10-декабрь, 2019-жыл.

Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу өттү.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп Орусияны «АКШда өтө турган шайлоого таптакыр кийлигишпөөгө жана Украина менен жаңжалды токтотууга» чакырды.

Ошону менен катар америкалык президент Москваны Иранда өзөктүк курал жасалышына каршы туруу аракеттерине колдоо көрсөтүүгө үндөдү. Кытай темасы да талкууланып, Корей жарым аралындагы абал тууралуу да сөз болду. Трамп «Твиттердеги» баракчасына: «Жолугушуу абдан жакшы өттү. Жакынкы келечекте да диалогдун уланышына үмүттөнөм» деп жазды.

Ага чейин Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолукту. Помпео өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташтыкты жөнгө салуу аракети уланып жатканын белгиледи:

- Кошмо Штаттар орусиялык жарандарга карата кабыл алган санкция эч качан орус элине каршы максатты көздөбөйт. Биз мыйзамды сыйлаган адамдар менен чырдашпайбыз. Дипломатиялык деңгээлде ишти уланта беребиз.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып орус министри Лавров Кремль эч убакта АКШдагы шайлоолорго кийлигишпегенин жана бул ойду Ак үйдөгү жолугушуулар учурунда так айтып түшүндүргөнүн билдирди.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Лавров Трампка карата импичмент темасы талкууланбаганын айтты.

Лавров белгилегендей, санкцияларга карабастан эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү бүгүнкү күндө 27 миллиард долларга жетип отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG