Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Трамп Дүйнөлүк банкты Кытайга насыя бербөөгө чакырды


АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк банкты Кытайга насыя берүүнү токтотууга чакырды. Трамп бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кытайга берилчү насыянын планын бекиткен соң билдирди.

АКШ президенти "Твиттердеги" баракчасына “Эмне үчүн Дүйнөлүк банк Кытайга насыя берет? Бул кантип мүмкүн болсун? Бээжиндин акчасы көп. Эгер жок болсо, алар түзүп алат. Муну токтотуш керек” деп жазды.

5-декабрда Дүйнөлүк банк бекиткен планга ылайык, 2025-жылга чейин жыл сайын төмөн пайыз менен 1 миллиард доллардан 1,5 миллиард долларга чейин насыя бөлүп берүү, насыянын өлчөмү азайып турары макулдашылган.

Эл аралык финансы уюму "бул насыялар Кытайга рыноктук жана фискалдык реформаларды өнүктүрүүгө жана экологиялык экономиканы түзүүгө жардам берет" деп түшүндүргөн.

АКШ Дүйнөлүк банктын эң ири акционерлеринин бири болуп саналат. Бирок бул өлкө кайсы бир тарапка насыя берүүгө вето коё албайт.

XS
SM
MD
LG