Бишкекте абанын булгануу деңгээли соңку эки күндө кескин төмөндөдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Шерипованын айтымында, ноябрдын акыркы күндөрүнө караганда бүгүн булгануу 34 эсе аз.
3-4-декабрда Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу байкалууда. Ар түрдүү бийиктиктерде жүргөн шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жетип жатты.
Мындай метеорологиялык шарт борбор калаанын абасындагы зыян заттардын тарап кетишине алып келди:
CO – 10,3 мкг/м3 (чеги - 5 мкг/м3)
NO – 86,3 мкг/м3 (чеги - 400 мкг/м3)
NO2 – 48,9 мкг/м3 (чеги - 85 мкг/м3)
SO2 – 49,2 мкг/м3 (чеги - 500 мкг/м3)
PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чеги - 160 мкг/м3)
Абанын курамындагы майда катуу PМ2.5 бөлүкчөлөрү да кескин түрдө азайды.
Ноябрдын акыркы үч күнү бул заттын деңгээли 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен 11-13 мкг/м3 түздү. Бул 34 эсе аз. (RK)