Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Швецияда мыйзамсыз миграциянын схемасын ачкан иликтөө жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Швециянын TV4 телеканалы «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен бирге мыйзамсыз миграцияга өбөлгө түзгөн өкмөттүк системадагы өксүктөр тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Журналисттер КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Борбор Азиядан эмгек визасы жок келген мигранттар ортомчуларга ишенип, эмгек кулчулугуна кабылып жатканын иликтешкен.

Иликтөөдө Стокгольмдо бир жашыруун компания 2016-жылдан бери бир миңден ашуун мигрантка мыйзамсыз ишке орношууга көмөктөшкөнү баяндалат. 40 мүнөттүк тасма 2-декабрда жарыяланды.

Расмий маалыматтарга ылайык, бир миллиондой кыргызстандык эмгек миграциясында чет жакта жүрөт. Европа өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын саны 30 миңдей. Быйыл сентябрда Норвегияда мыйзамсыз жүргөн 70 борбор азиялык мигрант кармалып, алардын арасындагы алты кыргызстандык өлкөгө депортация болгон. Алар «Азаттыкка» Европага виза жасаган туристтик агенттик алдаганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG