Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» деген китебинин бет ачары болду. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, «Ар-Намыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов жана башка саясий, коомдук ишмерлер катышты. Китептин ачылышында сөз сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев бул китеп Elgezit.kg порталы менен бирге жаралган эмгек экенин айтты.
- Мен түрмөдө жатып «мен түрмөдөмүн. Ушуну айтсам мага зыяны тийип калат го» деп айтсам ошол ойлорду, ошол пикирди Elgezit.kg суроосуна кошуп коюп жатты. Кээ бир убакта жоопко караганда суроо көп нерсени айтат. Суроо баарын аныктап коёт. Жооп жөн гана нерсе болуп калат. Ошондуктан бул диалог бир гана адамдын эмес, бирге жасалган эмгек болду. Диалогдо мен өткөн күндөрдү көп эстедим. Өткөндө бирөө: «Кимди көп эстедиң?» деп сурады. Берген интервьюларымды карасам мен Атамбаевди көп эстептирмин. Бул китепте жакынкы тарых, демек Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз болот, - деди Текебаев.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында. Текебаев түрмөдө жатканда жактоочулары аркылуу коомдогу саясий окуялар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип турган. (BTo)