Кышка чыдабаган кытай автобусу
Биринчи кардын жаашы менен быйыл жазында Бишкекке алып келинген 60 автобус ишке чыкпай калды. Автобустардын бир жыл боло электе каттоого чыкпай калышына дөңгөлөктөрүнүн тайгак жолго даяр болбогону себеп болду. Бул жагдай шаар тургундарын нааразы кылды. Ал арада Бишкек шаардык мэриясы 5 млн. сомго кышкы дөңгөлөк алуу үчүн тендер жарыяланганын билдирди.