Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Учурда райондук сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук жараян болору күтүлүүдө.

Бул иш боюнча 15-ноябрдагы биринчи соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурум жабык өтөт. Буга иштин 27-томуна тергөө органы тарабынан «купуя сыр» деп жазылганы негиз болгон. «Купуя сыр» деген 27-томдо экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун көрсөтмөсү бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Бул иште андан тышкары дагы 14 адамдын ысымы аталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG