Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ооганстанда «Талибандын» чабуулунан 22 киши көз жумду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын бийлиги кабарлагандай, Кундуз провинциясындагы жол боюна коюлган бомба жарылып, 15 карапайым тургун көз жумду, алардын сегизи балдар. Провинциянын губернатору Абдул Жаббар Наими бомбаны «Талибан» кыймылынын согушкерлери койгонун билдирди. «Талибан» бул тууралуу комментарий бере элек.

Кундун провинциясында согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу тез-тез кайталанып турат.

Ушул эле күнү Тахар провинциясындагы куралдуу чабуулдан сегиз киши набыт болгон. Өкмөттүк күчтөр чабуул болгон Даркад районун талибдерден жакында кайтарып алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жарандарга көмөктөшүү миссиясынын маалыматына караганда, 2019-жылдын тогуз айындагы жардыруулар менен чабуулдардын айынан 2563 адам жашоо менен кош айтышты. 5676 тургун жарадар болду.

XS
SM
MD
LG