Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Иракта нааразылыкка чыккандар Ирандын консулдугуна от коюшту


Ирактагы акциялар учурунда тартылган сүрөттөрдүн бири.
Ирактагы акциялар учурунда тартылган сүрөттөрдүн бири.

Ирактын Нажаф шаарында өкмөткө каршы акциялардын катышуучулары 27-ноябрда Ирандын консулдугуна от коюшту. Алар «Ирактын өкмөтүн колдоп-кубаттап жатат» деп, Тегеранга нааразылыгын ушул кадам аркылуу көрсөтүштү.

Акциянын катышуучулары консулдукка бастырып кирип, өрттөшкөн. Ага чейин полиция консулдуктун кызматкерлерин эвакуация кылып чыгарып кеткени айтылууда.

Мамлекеттик басылмалар бул жагдайдан улам өкмөт чукул кырдаал жарыялаганын жазышты.

Иракта коррупцияга жана өкмөткө каршы демонстрациялар октябрда башталган. Нааразылар менен полициянын кагылышында эки ай аралыгында бери дегенде 340 адам жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG