“ҮМҮТ2020” кыймылы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин иликтөөсүндө айтылгандар боюнча Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.
Кыймыл тараткан атайын билдирүүдө ошондой эле президенттин жеке көзөмөлү менен Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана ага байланышы бар адамдарды камакка алуу талабы коюлду.
Билдирүүдө ошондой эле Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн камакка алуу, Финпол менен Бажы кызматынын жетекчилигин иштен алып, күч органдарынын кызмат адамдарына карата иликтөө жүргүзүү талабы коюлду.
“Өкмөт Бажы кызматын таратып, реформа жүргүзүүсү зарыл. Райымбек Матраимовдун ууру мафиясын ачып берген журналисттер менен жарандык активисттердин коопсуздугу камсыз болушу зарыл” деп да айтылат.
“Азаттыктын” сайтына 21-ноябрда Кыргызстандан чыгарылып кеткен ири суммадагы каражат тууралуу кезектеги иликтөө жарыяланды.
Парламенттеги айрым депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылып жатышат.
Президенттик аппарат журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр менен президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес-долбоору болбогонун жана жок экенин билдирди.
Өкмөт, Финпол жана иликтөөдө аты аталган башка жактар азырынча комментарий бере элек. (RK)