Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Депутат: комиссиядан Матраимов чыгышы керек


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ушундай сунуш киргизди. Ал «Азаттыкка» сүйлөп жатып, кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамында Искендер Матраимовдун болушу коомчулукта ишенбестик жаратарын айтты.

- Комиссиянын курамынан Матраимов чыгыш керек. Анткени комиссия өз иликтөөсүн жүргүзгөн соң, анын жыйынтыгына коомчулук ишенбей коёт. Бул маселени комиссиянын башка мүчөлөрү көтөрүп, талап кылабыз деген ойдомун, - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенүүдө.

Аталган депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эки иликтөөдө тең Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Искендер Матраимов буга чейин май айында чыккан иликтөөдө Матраимовдорго байланыштуу маалыматтарды четке каккан. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG