Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Адвокат: Жапаровдун сүрөтү үчүн куугунтукталдым


Садыр Жапаровдун сүрөтү. Иллюстрация.
Садыр Жапаровдун сүрөтү. Иллюстрация.

Ош шаарындагы адвокат Айсалкын Карабаева иш бөлмөсүнө Садыр Жапаровдун сүрөтүн илип койгону үчүн куугунтукталып жатканын билдирди.

- Жапаровдун сүрөтүн бирөөлөр алып келген экен. Бырышып турбасын деп дубалга илип койгом. Кечинде үйгө барганда милициянын 10-бөлүмүнөнбүз деп бирөөлөр чалып, "кеңсеңиз кайда, кожоюну ким?" деп сурашты. Мен айттым. Эртеси Алайга иш караганы кетип, түштөн кийин келсем, кожоюн "бөлмөнү тез бошотуп койсун" деп мага ижараны берген нотариус кызга катуу табыштап кетиптир. Айтымдарында мен дубалга илген сүрөттөн улам мени "Жапаровду коргоо борборун ачып алыптыр" деп ойлошуптур.

Адвокаттын бул дооматы боюнча Ош шаардык милициясы кабарсыз экенин басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып, аймактарда эл аралап кол чогултуп жатышканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG