Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Иордандын батыш жээгине жөөт айылдарын курууга АКШнын пикири өзгөрдү


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттардын 1978-жылкы корутундусунан, тактап айтканда «Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги басып алынган аймактарга айыл-кыштактарды куруусу эл аралык укукка ылайык келбейт» деген чечимден баш тартат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда билдирди:

- АКШнын Батыш жээк боюнча коомдук билдирүүлөрү ондогон жылдар бою ырааттуу болбой келди. Тараптардын укуктук талаш-тартыштарын изилдеп чыккандан кийин администрация мурдагы президент Рональд Рейган менен макул экенин билдирет. Батыш жээкке Израилдин жарандык айылдарын куруу эч кандай эл аралык укукка каршы келбейт.

Израилдин бийлиги Вашингтондун бул чечимин кубаттады, ал эми Палестина, Европа Биримдиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн лидерлери мындай чечим кеңири тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүнө сокку ура турганын эскертишүүдө.

Буга чейин Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, америкалык элчиликти ушул шаарга көчүргөн жана Вашингтондогу палестин дипломатиялык кеңсесин жапкан.

XS
SM
MD
LG