Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргызстандын жарандары эмес экенин билдирди.
Ошондой эле аталган мекеме улуттук паспорттордун бирдиктүү реестрине ылайык, бул адамдарга Кыргызстандын паспорту берилген эмес деп жарыялады.
Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин издөөдө болгон Саймаити Кыргызстанга 5 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнүн 13-ноябрдагы парламент жыйынында айтты.
Алгач кайсы бир маалда Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын жанында паспорту болбогонун, кылмышка шектүүлөр Түркиянын укук коргоо органдарына оозеки гана маалымат беришкенин билдирди. ТИМдин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев кылмышка шектүү катары кармалгандар Кыргызстандын жараны болбой да калышы ыктымал экенин айткан. (TSh)