Жапониянын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы, 14-ноябрда Кыргызстандын курама командасы менен өтө турган кезектеги беттешин өткөрүш үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекке Жапониянын улуттук лигасында ойногон оюнчулары, машыктыруучулар штабы, медицина кызматкерлери келген. Ал эми чет элдик клубдарда ойногон оюнчулары 12-ноябрда курама команданын катарын толуктайт.
11-ноябрда Жапониянын курама командасы «Дордой» спорт комплексинде өзүнүн ачык машыгуусун өткөрөт.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. (GT)