Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:21

Жээнбеков: илимпоздорго колдоо көрсөтүүгө умтулабыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы – Кыргызстандын илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда президент мамлекеттин өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө экенин белгилеп, илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономиканы жана социалдык чөйрөнү технологиялык жактан жаңылоо максаты турганын айткан.

- Илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз, - деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2017-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 933 илимдин доктору жана 4275 илимдин кандидаты бар.

Ал эми Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдары УИАда 4000ден ашык адам иштесе, 2016-жылы илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамга чейин кыскарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG