Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Иран өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин дагы азайтат


Хассан Роухани
Хассан Роухани

Ирандын президенти Хассан Роухани өзөктүк келишимден чыгуу боюнча Тегерандын кийинки кадамдарын жарыялады. Ал 5-ноябрдагы телекайрылуусунда 6-ноябрдан тарта Фордо уран байытуу комбинатындагы 1044 центрифугага газ бериле баштарын билдирди.

Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу болуп саналат.

2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусу он жылга чектөө шарты болгон. Бул убакыт аралыгында уран байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керектиги каралган.

2013-жылы өлкөдө центрифугалардын саны 27 миңге чейин жеткен жана көбү өндүрүш максатында жайгаштырылган.

Мындан эки ай мурун Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Иран акыркы үлгүдөгү, жаңы центрифугалардын жардамы менен уран байытууну өндүрүүгө камылга көрүп жатканын эскерткен.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Бирок Кошмо Штаттар былтыр ал келишимден чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп кеткен.

Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милдеттенмелерин азайтып, айрым шарттарын аткаруудан баш тарта баштаган.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.

XS
SM
MD
LG