Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Шыкмаматов: Алмаматовду бошоткондордун жоопкерчилиги каралышы керек


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Издөөгө алынган Насирбек Алмаматовдун изи табылбаса, аны эркиндикке чыгарган шаардык соттогу судьялардын жоопкерчилиги каралышы керек". Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

- Ал киши качып кетсе, райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьяларын жоопко тартуу керек. Андай болбосо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, 2018-жылдын ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага далил катары видеотасма да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга камаган. Шаардык сот ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен аны эркиндикке коё берген. Райондук прокуратуранын арызы менен Жогорку сот ишти карап, 2019-жылдын 30-октябрында шаардык соттун чечимин жокко чыгарган. Кайра камалууга тийиш болгон Алмаматов табылбай жатканын 4-ноябрда милиция кабарлап, ага издөө жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG