Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Өкмөттүн «Kattar.kg» порталына хакердик чабуул коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт жарандар электрондук түрдө кайрыла турган «Kattar.kg» порталына хакердик чабуул коюлганын билдирди.

Маалыматка караганда, DDoS чабуулдан улам сайттагы «жетекчилердин тизмеси» деген бөлүмдө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова премьер-министр деп көрсөтүлүп калган. Учурда бардык каталар оңдолду. «Kattar.kg» порталы тесттик режимде иштейт.

Өкмөттүн «Gov.kg» жана «Kattar.kg» сайттары 2014-жылдан тартып иштей баштаган. Биринчи сайтта өкмөттүн күнүмдүк иштерине байланыштуу маалыматтар жайгаштырылса, экинчи сайт аркылуу жарандар электрондук каттар менен өкмөткө кайрыла алат.

«Kattar.kg» порталына 2017-жылы да хакердик чабуул коюлуп, сайттын иши үзгүлтүккө учураган. (BTo)

XS
SM
MD
LG