Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Ооганстан менен Пакистандын аскерлери чек арада атыша кетишти


Дюран сызыгына жакын жер. 2-май, 2019-жыл.
Дюран сызыгына жакын жер. 2-май, 2019-жыл.

Ооганстан менен Пакистандын коопсуздук күчтөрү чек арадагы талаштуу тилкеде кагылыша кетишти. Ооган расмий булактарынын маалыматына караганда, кеминде 3 карапайым киши жан таслим болду.

27-октябрда Кунар провинциясында башталган атышуу дүйшөмбүнүн таңына чейин уланды.

Жергиликтүү кеңештин мүчөсү Шер Замин Хандын айтымында, кагылышуу пакистандык күчтөр чек арадагы Нари районунда аскердик тосмо орнотууга аракеттенишкенде тутанган. Хан оогандык үч аял өлгөнүн, дагы үч киши жарадар болгонун билдирди.

Дагы бир расмий өкүл Пакистан аскерлери чек арадан ракеталарды атышканын кошумчалады.

Пакистан тараптан окуяга байланыштуу расмий билдирүү жасала элек.

Эки өлкөнүн чек арасы 2 жарым миң чакырымды түзөт. Ошол Дюран сызыгын Исламабад эл аралык чек ара деп билет. Кабул 1893-жылы чийилген чек араны оторчулуктан калган деп четке кагууда.

2017-жылы Пакистан коопсуздукту бекемдөө максатында ал жерде тосмо тургуза баштаганда, коңшу Ооганстан ал кадамды катуу сындаган.

Пакистандын күчтөрү талаштуу тилкени торогон сайын ортодо көптөгөн кагылышуулар болуп келатат.

XS
SM
MD
LG