АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн маанилүү билдирүү менен чыгат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Ак Үйдүн расмий өкүлү Хоган Гидли билдирди. Мындай билдирүү “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади жашынган аймакта америкалык аскерлер операция жүргүзгөнү жөнүндө маалыматтар айтылып жаткан учурга туш келди.
Гидлинин айтымында, президент Трамп кайрылууну Ак Үйдөн жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9да жасайт. (Бишкек убактысы боюнча кечки саат жетиде).
Ак Үйдүн өкүлүнүн жарыясына чейин Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасына “Азыр эле чоң окуя болду” деп жазган.
АКШдагы бир катар басма сөз каражаттары америкалык аскерлер Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун лидери жашынган аймакта операция жүргүзгөнүн жазып чыкты. "Newsweek" армиядагы булагына таянып, операция учурунда Багдади өлтүрүлгөнүн маалымдады.
Дүйнөдөгү эң ири террордук топтун башчысы Абу Бакр ал-Багдадинин өлтүрүлгөнү жөнүндө буга чейин бир нече жолу кабарлар чыгып, бирок ал ырасталган эмес.