Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери жыйынга чогулду


НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг.

Бүгүн Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталды. Анда башкы темалардын бири Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулу болмокчу.

Буга чейин Анкараны анын НАТОдогу бир катар өнөктөштөрү соңку чабуулуна байланыштуу кескин сынга алган. Бул жагдай аймактагы туруктуулукка, коопсуздукка шек келтирет, "Ислам мамлекети" террордук уюму кайра баш көтөрүшү мүмкүн деген мазмундагы кооптонуу айтылган.

НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг бул жыйындын алдында "Түндүк Атлантикалык альянстагы өнөктөштөр арасында Сириядагы жагдай боюнча ар башка пикир" бар экенин ырастаган.

Сочи шаарында 22-октябрда Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Анда түрк аскерлеринин жортуулу дагы 150 саатка токтотулары, бул убакыт аралыгында сириялык күрд кошуундары Анкара «коопсуз аймак» деп белгилеп алган тилкеден чыгып кетиши керек экени жазылган. Андан соң эки өлкөнүн жоокерлери бул аймакты чогуу күзөтүшөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-октябрда анын жоокерлери Ефрат дарыясы аркылуу Сириянын Түркия менен чектешкен Кобани шаарына келгенин маалымдады.

Мындан улам Дональд Трамп Түркияга салган санкциясын алып таштаганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG