Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 жаран терроризм боюнча шек саналууда


Сириядан кайтарылган Зарина Акмалаева 5 жылга кесилди. Актөбө, 26-июль, 2019-жыл.
Сириядан кайтарылган Зарина Акмалаева 5 жылга кесилди. Актөбө, 26-июль, 2019-жыл.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сириядан кайтарылган 14 жарандын ишин тергеп бүткөнүн билдирди. Алар терроризмге байланыштуу шек саналууда.

Тергөөчүлөр шектүүлөр Сирияда жүргөн кезде «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун бир бөлүгүндө кызмат өтөшчү деп эсептешет. Комитет 17-октябрда жасаган билдирүүдө аларга террордук ишмердикке катышуу, адамдарды жалдоо жана терроризмди пропагандалоо, «башка дагы оор кылмыштар» боюнча айып коюлганы айтылат. Алардын аял же эркек экени, аты-жөнү же жаш курагы аталган жок. Иш сотко өткөрүлүп берилди.

Комитет белгилегендей, буга чейин Сириядан кайтып келген дагы 10 эркек жана беш аял Казакстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун ишмердигине катышуу фактысы боюнча түрмөгө кесилген.

«Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 595 казак жараны, анын ичинде 400 бала алынып келгени ошол эле билдирүүдө айтылат.

Сирия менен Ирактын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарына Казакстандын 800дөй жараны кетип, жоочулардын катарына кошулганы былтыр июлда расмий маалымдалган.

XS
SM
MD
LG