Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

АКШ Конгресси Сириядан армиянын чыгарылышын айыптады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда Конгресстин Өкүлдөр палатасы америкалык аскерлердин Сириядан чыгарылышын айыптаган резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Буга чейин президент Дональд Трамп чөлкөмдөн армияны чыгарып кеткен.

Конгресстин резолюциясында Түркия Сириядагы аскердик операцияларын токтотушу керек экендиги айтылат. Конгрессмендер «Ислам мамлекети» террористтик тобун жок кылуу боюнча Ак үйдүн планын көрсөтүүгө чакырышты.

Трамп армияны алып чыгып кеткенин Конгресстеги Республика партиясынын өкүлдөрү жана демократтар да сындады. Депутаттар аймактагы радикал топтордун кайра пайда болушунан чочулап жатышат. Пентагон «Ислам мамлекети» террористтик тобунун кайра жандануу коркунучу бар экенин маалымдаган.

Вашингтондогу басма сөз жыйынында АКШнын президенти Трамп Түркия менен Сирия түзүлгөн кырдаалды чече аларына үмүттөнөрүн билдирген. Трамп Вашингтон кырдаалды жөнгө салууга кол кабыш кыларын белгилеген. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен АКШнын вице-президенти Майк Пенстин 17-октябрдагы жолугушуусуна чоң үмүт артып турат. Пенс менен Эрдоган кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир пикирге кела албай калса Ак үй Анкарага кезектеги санкцияларды киргизерин эскерткен.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтык булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Түрк бийлиги операция сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жакты күрд согушкерлеринен тазалоону көздөрүн айтып келет. Анкара аларды террорчу деп эсептейт.

Вашингтон Анкараны айыптап, бирок Трамп түрк аскерлеринин аракетине кийлигишпей турганын билдирген. АКШ күрддөрдү радикал исламисттер менен күрөшүүдө башкы өнөктөш деп эсептейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG