Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Тажик президенти 20 миңден ашуун адамга мунапыс берет


Тажикстандын эгемен тарыхында буга чейин 15 жолу мунапыс берилген.
Тажикстандын эгемен тарыхында буга чейин 15 жолу мунапыс берилген.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмон Конституциянын кабыл алынганына 25 жыл толгонуна байланыштуу мунапыс жарыялоону чечти жана парламенттин төмөнкү палатасына «Мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун жөнөттү.

Анда кылмышка шектүү, соттолгон, жазасын өтөп бүткөнү менен соттолгону жоюла элек 20 миңден ашуун адамга мунапыс берүү каралган.

Бул мыйзам долбоорунун буга чейинкилерден башкы айырмасы - мунапыс менен абактардан бошогондор көбөйөт. Документте өтө оор кылмыш үчүн соттолуп, 12 жылдан ашык убактан бери түрмөдө отурган аялдар, өзгөчө бир оор кылмыш кылбаган, жаш курагы 70тен ашкан эркектер эркиндикке чыгат.

Андан сырткары өтө чоң суммада эмес пара алып же берип кармалгандардын жазасы жеңилдейт.

Тажикстандын эгемен тарыхында буга чейин 15 ирет мунапыс жарыяланган. Соңку мыйзам 2016-жылы өлкөнүн эгемендик күнүнүн 25 жылдыгын утурлай кабыл алынган жана анда 12 миң адамга мунапыс берилген.

XS
SM
MD
LG