Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтып берди. Ал сотто ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч беришкенин, сот аны да канааттандыруусуз калтырганын билдирди.

Бүгүн, 15-октябрда Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын болду. Бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде, ал сотко алып келинген жок. Соттук угуу 16-октябрда уланат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Атамбаев менен Качкыналиев камакта болсо, калган эки айыпталуучу үй камагында. (BTo)

XS
SM
MD
LG