Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстан футболдон Монголияны утту


Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин жеңишке кубанып жаткан чагы.
Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин жеңишке кубанып жаткан чагы.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту. 

Оюн Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, беттештеги алгачкы голду атаандашын дарбазасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү.

Экинчи таймда Монголиянын курама командасы пенальтиден гол киргизип, эсеп 1:2ге өзгөрдү. 57-мүнөттө Валерий Кичин айып аянтчасында Оюнбаатарын Мижиддоржду тээп алып, калыс 11-метрлик айып тобун коюп, аны Норжмоо Цеденбал голго айландырды.

Гүлжигит Алыкуловдун голу:

Бул голдон соң Монголиянын курама командасынын оюнчулары чабуул артынан чабуул коюп, Кыргызстандын курама командасынын дарбазасына бир топ коркунуч келтиришти. 20 мүнөттөн соң кыргыз футболчулары демилгени колго алды. Бирок оюн эсеби өзгөргөн жок.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Мирлан Эшенов бүгүнкү оюн кыргыз футболчулары үчүн жеңил болгон жок деп эсептейт.

Мирлан Эшенов.
Мирлан Эшенов.

- Биринчи таймда Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары жакшы оюн көрсөтүштү, - деди ал. - Чабуулга көп көңүл бурушту. Мурзаев көп жакшы аракеттерди жасап, жекме-жеке көп чыкты. Экинчи таймда Монголиянын курама командасы пенальтиден гол киргизип алсаң соң психологиялык жактан басым жасап, чабуул коё баштады. Конокто ойногонубуз үчүн бир аз кыйын болду. Кандай болгон күндө да үч упайды үйгө алып бара жатабыз. Кыргызстан үч упайга ээ болгонуна сүйүнүшүбүз керек. Кийинки Монголия менен боло турган оюн жеңил болот деп ойлойм. Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары өз тарыхында биринчи жолу беттешип жатат.

Спорт журналисти Адилет Темирланов Кыргызстандын курама командасы үчүн тайпада экинчи орунга жайгашуу маанилүү экенин белгиледи:

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

- Эгер бүгүн Жапония Тажикстандын курама командасын жеңсе, Кыргызстан F тайпасында экинчи орунга чыгат. Тандоо оюндарында тайпада биринчи орун алгандар 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү этабына чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда да кийинки баскычта оюнун улантат жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия оюндарына жолдомо алат. F тайпасында Жапония күчтүү команда болгондуктан, Кыргызстан тайпада экинчи орунду алышы керек. Ошондо Кыргызстан Азия кубогуна чыга алат.

Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына үч упай алып келди. Учурда «ак шумкарлардын» карамагында 6 упай бар. Бүгүн F тайпасынын катарлаш беттешинде Тажикстандын курама командасы Жапония менен ойнойт.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен уткан.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG