Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Футбол: Кыргызстан Монголиянын дарбазасына эки гол киргизди


Кыргыз футболчулары.
Кыргыз футболчулары.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасы менен ойноп жатат.

Учурда беттештин биринчи бөлүгү 2:0 менен жыйынтыкталды. Алгачкы топту атаандашын дарбзасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү.

Кыргызстан менен Монголиянын курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болду.

Учурда F тайпасындагы эки оюнда алты упай топтогон Жапониянын курама командасы жадыбалдын сап башына чыкты. Эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы экинчи орунда. Үч упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG