Бишкекте эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 14 жаштагы кызы 11-октябрда эртең менен чыгып кеткен бойдон дайыны жок болуп жатканын айтып милицияга жергиликтүү тургун кайрылган.
Факт Биринчи май райондук башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, издөө иштери башталган.
12-октябрда кыз аман-эсеп табылды. Милиционерлер кыздын өзүнө жана ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Буга чейин да Бишкекте өспүрүм кыздар дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат тарап, бир нече күндөн кийин аман-эсен табылган учурлар болгон. (RK)