Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризм жаатында эскилиги жеткен, талап кылынбаган иш-чаралардын ордуна пайда алып келе турган иштерди жасоого чакырды. Бул тууралуу ал өкмөттө туризм тармагын талкуулаган жыйында айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анда Туризм департаменти менен «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери Кыргызстандагы туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу боюнча маалымат беришкен.
Жыйында Абылгазиев туризм багытында стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуш керек экенин айтып, системалуу иш болбой жатканын сындады:
- Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт. Силер бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатасыңар. Бул жергиликтүү өз алдынча органдардын да, калктын да, бизнестин да кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет. Ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок. «Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, локациясы жана көлөмү кандай болуш керек?» деген айкын түшүнүк да жок.
Кыргыз өкмөтү 2023-жылга чейин ички дүң өнүмдөгү (ИДӨ) туризмдин көрсөткүчүн 7 пайызга чейин көтөрүп, 600 млн. долларды түзө турган деңгээлге жеткирүүнү пландап жатат. (BTo)