Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарын ийгиликсиз баштаганын, бирок бардыгын өзгөртүүгө убакыт бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрда өткөн басма сөз жыйынында айтты.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянма курама командасы менен беттешет. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталат.
-Тандоо оюндарында Тажикстан эки беттеште жеңди. Биз бир оюнда жеңилдик. Экинчи тур эми гана өттү. Алдыда дагы оюнубуз бар. Баарын өзгөртүү биздин колубузда. Эң башкасы эртеңки оюн жөнүндө ойлонушубуз керек. Эртең бардык күчүбүздү жумшап, турнир жадыбалын өзгөртүүгө жана күйөрмандарыбызды кубандырууга аракет кылабыз, - деди Александр Крестинин.
Буга чейин футбол серепчилери тандоо оюндарынын F тайпасында Кыргызстан курама командасынын башкы атаандашы Тажикстандын курама командасы экенин айтышкан. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.
Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген. Тажикстан курама командасы экинчи беттешинде Монголия курама командасын жеңген.
F тайпасынын сап башына эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду үч упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште үч упай алган Монголия турат. Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын эсебинде бир да упай жок.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен атаандаш команда катары ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын экинчи баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. (GT)