Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Жети айда Кыргызстандан 300 млн. доллардай каражат чыгарылып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-июль айларында кыргызстандыктар 291,9 миллион доллар каражатты чет өлкөлөргө которуп кетишти. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Быйыл алгачкы жети ай аралыгында чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга 1,1 миллиард доллардын тегерегинде акча жөнөтүшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,4% аз болгон.

Август жана сентябрь айларында кирген жана чыгарылып кеткен каражаттар эсептелип бүтө элек.

Улуттук банктын сайтындагы «Акча которуу» бөлүгүндөгү маалыматтарга ылайык, 2018-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которушса, быйыл тескерисинче Кыргызстандан 542 миллион доллар чыгарылып кеткен.

«Азаттыктын» буга чейинки иликтөөсүндө эксперттер Кыргызстандан акчанын сыртка чыгарылышы көбөйсө саясий кризис күч алышынан жана инвестициялык климаттын начарлашынан кабар берерин белгилешкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG