Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Стамбулда Кыргызстандын жаранынын паспорту шек санатууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» кыргызстандык Нурадил Эшимбеков билдирди. Ал 9-сентябрда Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу өтүп баратканда аэропорттун полиция кызматкерлери «жасалма паспорт колдонууда» деген шек менен камакка алып тинтишкенин, бирок анын паспорту эч кандай жасалма эмес экенин маалымдады.

Нурадил Эшимбековдун иши учурда Стамбул шаарынын Анадолу прокуратурасында «Жасалма паспорт» беренеси боюнча экспертизага өткөнү белгилүү болду.

Стамбулдагы Башкы консулдук Нурадил Эшимбековдун соттук жараяны боюнча Түркиянын ички иштер министрлигине нота жазганын маалымдады.

2016-жылы Үрүмчүдөн Сауд Арабиясына Стамбул аркылуу транзит иретинде учуп бараткан 98 уйгур улутундагы жаран «Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүрөт» деген шек менен кармалган. Бул жараян боюнча жасалма паспорт таап берген деген негизде Кыргызстандын төрт жараны Ататүрк аэропортунда камакка алынган. Уйгур улутундагы жарандар Үрүмчүгө депортацияланган.

Түркиянын Ички иштер министрлиги быйыл 25-августтан тартып өлкөдө чет өлкөлүктөрдү текшерүүнү күчөтөрүн маалымдаган. (ElB)

XS
SM
MD
LG