Бишкекте башталган жаңы технологияны өнүктүрүүгө багытталган конференция өлкө бийлиги жарыялаган санариптештирүү жылындагы отчеттук иш-чара болду.
Муну жыйынга катышкан президент Сооронбай Жээнбековдун учурда аткарылып жаткан иштер жана келечекке карата максаттары боюнча баяндамасы далилдегендей болду.
Президент өлкө санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мунун алгачкы жыйынтыктары сезиле баштаганын билдирди.
Буга мисал катары "Коопсуз шаар" сыяктуу долбоорлорду ишке ашыра баштаганын мисал кылды:
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду. Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү калкыбыз санарип форматында ала баштады. "Коопсуз шаар" долбоору ишке активдүү кирип жатат. Бул долбоор - өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор экенин баса белгилейм. Долбоор ишке киргенден тарта жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды. Жол кырсыгынын саны эки эсеге кыскарды. Сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатат. Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады, - деди Жээнбеков.
Президент Кыргызстанды санариптештирүү боюнча аймакта алдыга чыгарууну максат кылганын белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын алдында абдан көп тапшырмалар бар экенин билдирди.
Жээнбековдун айтымында, бул жааттагы иш боюнча ар бир жетекчиге жыл аягында баа берилет.
Президенттин өлкө санариптештирүүгө аяк басты деген билдирүүсү канчалык чындыкка дал келет деген суроо жаралат.
Анткени буга чейин алыскы аймактарда Интернет тургай, айрым мектептердин имаратынын курулбаганы көпчүлүктүн талкуусуна түшүп, өкмөттүн дарегине сын жаадырган.
Тогуз-Тородо бүтпөгөн мектептер окууну аксатты
Жээнбеков муну бүгүн моюнуна алып, "кеңири тилкелүү Интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете электигин" белгиледи.
Кыргызстанда эки жыл мурда түзүлгөн Жаңы технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерге жеке компаниялардын салымы чоң экенин айтууда:
- Биздин алдыбызда бир топ көйгөйлөр турат. Алардын эң биринчиси - IT адистердин жетишсиздиги. Алсак, азыркы учурда чет өлкөдөн келген корпорация Кыргызстанга 200 татыктуу адис издеп, таппай жаткан кези. Мындан сырткары жергиликтүү президентибиз 500гө жакын сапаттуу адистерди караштырды. Бул жаатта ар бир адис 1,5 миллион сомго чейин жылына киреше тапса болот. Бирок өзүбүздө билим алган IT адистердин саны аз, сапаты да төмөн болуп жатат.
Ал эми конференцияга катышуу үчүн келген "Etihad Airways" компаниясынын технология боюнча вице-президенти Кашиф Рана санариптештирүү деп кайсы бир сайтты түзүп коюуну эле айтуу туура эмес экенин белгиледи:
- Санариптик трансформация деген бул кайсы бир сайтты ачып же тиркемени иштеп чыгуу эмес. Бул процесс мамлекет же кардарга кызмат көрсөтүүнүн башынан аягына чейин жеткирүү болуп саналат. Ошондуктан буга көңүл буруу зарыл.
Кыргызстанда быйыл санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Анын алкагында бюрократияны азайтып, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максаты коюлган.
Бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн электрондук базасын туташтырган "Түндүк" системасы иштелип чыгып, салык жана башка органдарда электрондук отчетторду кабыл алуу айтылган.
Эл аралык ишкерлик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бул жаатта бир аз жылыш байкалганы менен жыйынтык сезиле элек деген пикирде:
- Албетте, кайсы бир иштерди көрүп жатабыз. Ошол эле юридикалык жактарды электрондук түрдө каттоо, "Түндүк" системасы сыяктуу долбоорлор. Бирок анын жыйынтыгын толугу менен сездик деп айтууга эрте. Дагы деле болсо бюрократиялык аракеттер, отчет же кезекке туруу жана башка иштер болуп жатат. Эми айтылган сөздүн натыйжасы кандай болот деп күтүп жатабыз.
Бишкекте өтүп жаткан "Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференцияны кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган.
Ага 12 өлкөдөн жаңы технология боюнча 20дан ашык адис жана Борбор Азиядагы 100дөн ашык эксперт катышууда. Конференцияда санариптешүү, киберкоопсуздук, билим берүү жана илим изилдөө жаатында жаңы технологияларды колдонуу маселеси талкууланып жатат.