5-октябрда Баткен облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;
Нарын дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.