Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

HRW: Бийлик «Азаттык» боюнча иликтөөгө олуттуу мамиле кылышы керек


Лаура Миллс
Лаура Миллс

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууга жана анын кесиптик ишине тоскоолдук жаратууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун изилдөөчүсү Лаура Миллс окуя ачык-айкын иликтенерине жана журналистке кол салгандардын ким экени аныкталарына ишеним арта турганын «Азаттык» радиосундагы маегинде айтты.

- Сиз «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Айбек Кулчумановго байланыштуу жагдайга көз салып жатканы тууралуу билдирүү тараттыңыз. Сөздү ушундан баштасак...

- Биз адатта фактылар менен иштейбиз. Бул окуяда али оператордун өзүнөн жооп албаганыбызга байланыштуу анын чоо-жайын терең билебиз деп айта албайбыз. Ошондуктан жаңылыктан уккандарыбыз боюнча гана комментарий беребиз. Биз кайсы гана журналистке болбосун күч колдонуу жана ага өз ишин аткаруусуна тоскоолдук кылууну айыптайбыз. Журналист коопсуз иштеши керек, бул кайсы гана демократиялык коомдун болбосун негизги пайдубалы болуп саналат.

- Операторго байланышкан окуя боюнча президенттик аппарат үн ката элек. Ал эми өкмөт «Азаттык» радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсыздана турганы тууралуу маалымат таратты. Ошол эле учурда «окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгонуна жана сөз эркиндиги менен журналисттик ишмердүүлүктү кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгибиз келет» деп билдирди. Бийлик буга жетиштүү көңүл буруп жатабы?

- Биз Кыргызстандын бийлиги бул ишке өтө оолуттуу мамиле кылат, иликтөө жараянын урматтайт жана аны ар тараптуу, калыс жүргүзөт деп үмүттөнөбүз. Эгер бийлик бул окуяны иликтөө чыны менен маанилүү деген ынтаасын ачык билдирсе, бул абдан маанилүү болмок.

- «Азаттыктын» оператору катышкан окуяга бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тынчсыздануусун билдирди. Алар да бийликти бул окуяны терең иликтөөгө чакырып жатышат. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын кандай баалайсыз?

- Мен Кыргызстандагы маалымат каражаттарына карата акыркы бир-эки жылда болуп жаткан жалпы көрүнүштөргө токтолгум келет. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин маалымат каражаттарына байланышкан тынчсыздануу токтогонун байкаганбыз жана жогорку деңгээлдеги саясатчылардын журналисттерге карата доолорун артка чакыртып алган чечимдерин абдан кубаттаган элек. Анткени бул доолор басылмаларга ири каржылык зыян тийгизмек. Биз Кыргызстанда маалымат каражаттарына байланышкан бейпил абал түзүлгөн көрүнүштөрдү абдан колдогонбуз.

Бирок, тилекке каршы, быйыл өлкөдө саясий абал курчуганына байланыштуу биз бул багытта терс көрүнүштөргө күбө болдук. Көптөгөн эл аралык уюмдар, анын ичинде биздин уюм, ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү атайын операция учурунда журналисттер жабыркаганын айыптаганбыз. Биз журналисттер кайда жана кантип иштеп жатканына карабастан, алар коопсуз болушу керек деп эсептейбиз. Бийлик журналисттердин окуяны чагылдырышын урматташы жана аларды ар кандай зордук-зомбулуктан коргоо үчүн колунан келгендин баарын кылышы зарыл.

Атамбаевге оор айып коюлганына жана татаал кырдаал түзүлгөнүнө карабастан, сөз эркиндиги абдан маанилүү деп ойлойбуз. Бирок биз, мисалы, «Апрель» телеканалынын имараты камакка коюлганын көрдүк.

Кандай гана кырдаал болбосун маалымат каражаттарынын иштөө укугу сакталышы керек.

Жалпылап айтканда, 2017-жылдан кийин биз жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу оң жылыштарды байкасак, азыр саясий кырдаал курчугандан улам кайра терс көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз.

«Азаттыктын» кабарчысына кантип кол салышкан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:29 0:00

Редакциядан: 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган. Ушул окуяга байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кабатырлыгын билдирип жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG