Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

HRW: «Азаттыкка» байланыштуу окуя терең иликтенет деп ишенебиз


«Human Rights Watch» эл аралык уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго байланыштуу жагдайга көз салууда. Уюмдун изилдөөчүсү Лора Миллс окуя терең иликтенерине жана журналистке кол салгандардын ким экени аныкталарына ишеним артарын «Азаттыкка» берген комментарийинде айтты:

- Журналисттерге каршы кандай гана кол салуу болсо да, биз аны айыптайбыз. Журналисттер өз ишин эч кандай тоскоолдуксуз аткарууга тийиш. Айрыкча зомбулук, опуза болбошу керек. Мамлекетте журналисттин коопсуздугу маанилүү. Себеби, сөз эркиндиги - демократиялык коомдун пайдубалы.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы.

Тартып алынган жабдуулар соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG