Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

Сөз эркиндигин тооруган коркунучтун карааны


«Азаттык» радиосунун микрофону.
«Азаттык» радиосунун микрофону.

«Азаттык» радиосунун операторуна кол салууну эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер, айрым саясатчылар айыптап, билдирүү таратышууда.

«Азаттык Медиа» мекемесинин оператору Айбек Кулчумановго күч колдонуп, техникалык жабдууларын карактап кетишкен жагдайга эл аралык «Human Rights Watch» уюму тынчсыздануу билдирди.

Уюмдун изилдөөчүсү Лора Миллс окуя ачык-айкын иликтенерине жана журналистке кол салгандардын ким экени аныкталарына ишеним арта турганын «Азаттык» радиосуна берген комментарийинде айтты:

- Журналисттерге каршы кандай гана кол салуу болбосун, биз аны айыптайбыз. Журналисттер өз ишин эч кандай тоскоолдуксуз аткарууга тийиш. Айрыкча, зомбулук, опузалоо болбошу керек. Мамлекетте журналисттин коопсуздугу маанилүү. Себеби, сөз эркиндиги - демократиялык коомдун негизги пайдубалы.

Эскерте кетсек, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) да бул кол салуу боюнча камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигин окуяны калыс иликтөөгө чакырган.

1-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Азаттыктын» операторунан карактоо жолу менен тартып алынган кымбат техникалык жабдуулар сот чечимине чейин милицияда болорун кабарлады.

- Тартылган тасмалар жабдуулардын ээлеринин, адвокаттарынын катышуусунда алынып, экспертизага жөнөтүлөт. Жабдуулардын абалы боюнча техникалык экспертиза дайындалат, - деп билдирди ОИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Буга чейин Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экенин билдирген. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнү ачык айтылган эмес.

Учурда жагдай социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрым журналисттер кол салган тарапты колдоп жатканын байкоого болот. Буга байланыштуу «ПолитКлиника» басылмасы кайрылуу таратып, кыргызстандык журналисттерди биримдикке, өз милдетин так аткарууга чакырды.

«Демократиялык мамлекетте мындай окуялардын орун алып жатышын сөз эркиндигине кысым катары баалайбыз. Тилекке каршы, айрым журналист кесиптештерибиз социалдык тармактар аркылуу кайсы бир саясий топко ачык эле жан тартып жатканы көрүнүп турат. Бул кесиптештерибизди кимдир-бирөөгө же саясий топторго курал болбой, журналисттик миссиябызды так аткарууга чакырып кетебиз», - деп жазылган кайрылууда.

«Азаттык» радиосунун оператору кабылган жагдайды жарандык активисттер да сынга алууда.

Алардын айрымдары коомчулукту орусиялык журналист Малаховдун сөзүнө реакция кылгандай эле пикирин ачык билдирип, сөз эркиндигин коргоп калууга чакырышууда.

Белгилүү саясат талдоочу Элмира Ногойбаева журналисттерге кол салууну «кыйын кезеңдин» кайтып келиши катары сыпаттап, бийликти чара көрбөгөнү үчүн сынга алды.

«Бийлик унчукпай турган кезде коррупциялашкан үй-бүлө «Азаттык» радиосунун журналисттерине кол салды. Бул да болсо жамандыктын белгиси. Мунун кара көлөкөсү бийликке, президенттин фамилиясына түшүп жатат. Бийлик бул аракетти айыптаган жок, кылмышты көрмөксөнгө салууда. Бул «кыйын кезеңдин» кайтып келгенинен кабар берет. Ушундан улам «Азаттык» радиосун колдоо зарыл деп эсептейм», - деп жазды Элмира Ногойбаева «Фейсбуктагы» баракчасына.

Элмира Ногойбаеванын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.
Элмира Ногойбаеванын "Фейсбуктагы" билдирүүсү.

Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын жалпы коомчулугун «Азаттык» радиосун коргоп калууга чакырды.

Депутат сөз эркиндигин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, «Азаттык» ар дайым чындыкты айтарын кошумчалады:

- Кыргызстан жетишкен, өнүккөн өлкө болгусу келсе сөз эркиндигине көңүл бурушу зарыл. Сөз эркиндигин коргоп, өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. «Азаттык» менен болгон окуя сөз эркиндигине доо кетирбеши зарыл. «Азаттык» Кыргызстандагы тарыхый, эң кыйын убактарда да чыркырап чындыкты айтып келген, жабыр тарткандардын баары «Азаттыкка» барышат. Коомчулук, баарыбыз биригип «Азаттыкты» коргоп, сактап калышыбыз керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев менен Аида Касымалиева да ушундай билдирүү менен чыгышкан.

Дагы бир депутат Дастан Бекешев берки тараптын да аргументтерин угуу эске алуу керектигин "Фейсбукка" жазса, белгилүү юрист Клара Сооронкулова журналисттер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда этият болуп, мыйзамды так сакташы керектигин эске салды.

Кыргыз өкмөтү болсо журналисттерге кол салууну азырынча сөз эркиндигине чабуул катары атоодон карманып турат.

- Кыргыз өкмөтү «Азаттык» радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсызданат, бирок биз бул окуянын себептерин жана бардык деталдарын козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө аныкташы керек деп эсептейбиз. Ошол эле учурда окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгонуна жана сөз эркиндиги менен журналисттик ишмердүүлүктү кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгибиз келет, - деди өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Борбор Азиядагы «Демократиянын аралчасы» катары сыпатталган Кыргызстанда соңку кездери сөз эркиндигине кысымдар болуп жатканын эл аралык уюмдар айтып келет.

Былтыр «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга түшүргөн.

Бул тууралуу уюмдун «Эркин маалымат каражаттарынын 2017-жылдагы индекси» отчетунда жарыяланган. Уюм мунун себебин медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен түшүндүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG