Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бюджеттен 2020-жылга карата министрлик сураган каражаттан 1 млрд. 306 млн. сом аз бөлүнүп жатканын айтты. Кочкоров өкмөттүн бүгүнкү жыйынында бул министрликтин социалдык милдеттенмелерин аткарышы үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти:
- 2017-жылдан 2018-жылга караганда министрликтин бюджети 113% өсүш менен кабыл алынган. 2018-жылдан 2019-жылга караганда 126,3% өсүш менен кабыл алынган. Ал эми быйыл 97% менен кабыл алынып жатат. Биз сураган акчадан 1 млрд. 306 млн. сом аз берилип жатат. Азыр тактоо киргизип, 674 млн. сом кошулуп атат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин келерки жылга карата бюджети 97% болуп бекитилип жатканы жөлөк пул алгандардын 3 пайызына андай жардам берилбей калат деген сөз эмес экенин, болгону дарексиз берилип келген жөлөк пул азайтылып жатканын айтты:
- Эгер каражат жетпей жатса «жөлөк пулга акча жетпейт» деп азыр айткыла. Биз акча беребиз. Ал эми силер туура эмес, дарексиз берилген жөлөк пулдардан 1 млрд. сом үнөмдөдүңөр да.
Өкмөттүн 27-сентябрдагы жыйынында «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. (BTo)