Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Жээнбековго такалган жергиликтүү маселелер


Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин имараты.
Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин имараты.

2019-жылдын сегиз айында президент Сооронбай Жээнбековго келип түшкөн кайрылуунун 43,7%, тактап айтканда 3375 кат сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү болгон.

2019-жылдын сегиз айында президент Сооронбай Жээнбековго жалпысынан 10 миң 126 адам кайрылган. Өткөн жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 8,8% азайган. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.

Анын ичинен прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча 1366, сот органдарына байланыштуу 1254, ички иштер органдары тийиштүү маселелер боюнча 570, Финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча 97, улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча 62, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка байланыштуу 26 кат түшкөн. Ал эми аткаруу бийлигине тиешелүү кайрылуулардын саны 2043дү түзгөн.

Кыргызстанда соттор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аткаруу бийлиги жана күч түзүмдөрү өз ишмердигинде мыйзамга гана таянып иш кылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө өлкө эгемендик алгандан бери эле бул органдар бийлик башындагылардын, айрыкча президенттин эрки менен болуп жатканы саясий чөйрөдө да, эксперттер арасында көп сөз болуп келген. Ал эми бийлик өкүлдөрү андай таасир кыларын моюнга алган эмес.

Антсе да президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев сыяктуу адамдарга козголгон иштерде бийликтин сот органдарына тийгизген таасири тууралуу сөз болгон.

Азыркы президенттин аппараты президентке кайрылгандардын көптүгүн маселелер жергиликтүү деңгээлде ойдогудай чечилбей жатканы менен түшүндүрдү.

«Президенттин жана анын аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү - жергиликтүү деңгээлдеги бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана өлкө башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок алардын иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, аргасыздан өлкө башчысына кайрылып жатышат», - деп айтылат президенттин сайтында.

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алмаз Кулматов да ушул ойго кошулат. Мындан тышкары, ал маселеси чечилбеген жарандардын президентке кайрылышын элдеги эски түшүнүк менен да чечмеледи:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Жергиликтүү бийлик маселени чечпей койгон учурлар буга чейин эле болуп келген да. Бул эми бир чети жер-жерлердеги аткаруу бийлигинин алсыздыгы. Экинчиден, эл президент Конституциянын гаранты деген эски түшүнүк менен эле кайрылып жатат. Жергиликтүү бийликке кайрылбай эле, маселенин чечилишин күтпөй эле шак президентке жазгандар да бар. Мындай арыздарга президенттик аппарат өзү деле комментарий берип жатса керек. Мунун өзү албетте, жакшы көрүнүш эмес. Үчүнчүдөн, кайрылуунун маани-маңызына карашы керек. «Эмне үчүн маселе ушуга чейин чечилбей келген? Объективдүү же субъективдүү себеби барбы?» деп. Президенттин деле бул багытта укугу чектелүү да. Андай болгон күндө кат кайра эле айланып жүрө бериши мүмкүн.

Президенттин аппараты келип түшкөн каттардын баары мыйзам чегинде көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. Түшкөн кайрылуунун 43,7%, тактап айтканда 3375 кат сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү болгон.

Жергиликтүү деңгээлде чечилбеген маселелердин бийлик башындагыларга келип такалып жатышын мамлекеттик башкаруунун эки тизгин, бир чылбырын алгандардын чыныгы таасири менен байланыштыргандар да бар.

Саясат таануучу, юрист Бекбосун Бөрүбашев эл бардык маселе борбордо чечилерин билгендиктен ушундай болуп жатат деп эсептейт.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- «Канчалык жогорку, төмөнкү органдарга кайрылба, сенин маселең Бишкекте чечилет» деген көз караш калыптанып калган, - деди ал. - Буга бийлик өзү күнөөлүү. Анткени бардык ишке кийлигишет. Эл ошого көнүп бүттү. Ошон үчүн эл жогору жакка кайрылат. Экинчиден, бизде укук коргоо органдарын президент түзүп жатпайбы. Эгер алар начар иштеп жатса, президенттин күнөөсү да. Кой-Таштагы окуядан кийин укук коргоо органдары мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп калды да. Алар президенттин гана сөзүн угат, анткени алардын тагдыры президенттин колунда. Баш мыйзам боюнча аларды президент бекитет. Укук коргоо органдарынын жакшы иштебей жатса, демек президент жакшы кадрларды тандай албай жатат. Сотторду да өзү бекитип атат. Бүт рычагдын баарын колго алган. Жогорку Кеңеш эмнеге президенттин көзүн карап атат? Анткени алардын баарынын бизнеси бар. Жаман-жакшы иштеринин баары укук коргоо органдарына белгилүү. Бизде азыр «президент жакшы, парламент жакшы, бир гана соттор жаман» деп айтып жатышат. Андай эмес, баары бири-бирине байланып жатпайбы. Андыктан элдин президентке кайрылып жатканына таң калып кереги жок.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева мындай түйшүктүн жаралышын жергиликтүү бийлик органдарынын алсыздыгынан жана сот реформасынын жүзөгө ашпай жатканынан көрөт. Ал бийликти борбордон оолактатуу (децентрализация кылуу) аркылуу бул маселени чечсе болот деп эсептей турганын айтты:

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

- Бизде баары борборлоштурулган да. Жергиликтүү органдарга толук бийлик берилген эмес. Алардын бюджет маселеси да борбордон чечилет. Бул деле ишке таасирин тийгизет. Көп маселени жеринде чече албаганы үчүн эл президентке кайрылышы мүмкүн. Эгер аймактарды кандайдыр бир деңгээлде борбордон оолактатса, алардын маселесин чечүүгө шарт түзүлмөк. Балким күчтүү кадрларды ишке алышмак. Айылдык кеңештердин, ага шайланган депутаттардын сапаты жакшырмак. Экинчиден, күчтүү, өз алдынча сот системасы болсо мындай кыйынчылык жаралмак эмес. Бизде жаңы бийлик келген сайын сотторду реформалоо маселеси көтөрүлөт. Бирок жыйынтык чыкпайт. Бул жерде президент эле эмес, парламент да эрктүү болушу керек. Чогуу иштешсе, маселе тез чечилмек. Күчтүү, эркин иштеген соттор келсе көп иштер каралмак. Бирок биздеги көп саясатчылардын буга кызыкчылыгы жок.

Сот реформасынын солгундугу жана саясатчылардын сабагы

Буга чейин Жогорку Кеңештеги баяндамасында Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов да өзү башкарган институтка 2018-жылы кайрылгандардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке тиешеси бар экенин айтканы бар. Ал кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине жана алардын аткарылышына байланыштуу кайрылышарын билдирген. ​

Бирок сот реформасын саясий күчтөр чыгарылган чечимдерин калыстыгы менен байланыштырса, сот өкүлдөрүнүн өздөрү материалдык-техникалык база жана техникалык жетишкендик менен гана чечмелеген учурлар бар.

Атап айтканда, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп жатып, сот корпусу 70 пайызга жаңырганын жана реформа жүрүп жатканын айткан.

Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

- «Реформа жүрбөй жатат» деген туура эмес. Жаңы имараттар салынып, эскилер ремонттолуп жатат. Аудио жана видео фиксация киргизилип жатат, - деген эле Гүлбара Калиева.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков быйыл мартта Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында каржылоону көбөйтүү өзүн актабай жатканын айтып, аларды сынга алган эле.

Соттордун жана укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенбестик мамилеге элге төбөсү көрүнүп калган саясатчыларга каршы козголгон резонанстуу кылмыш иштери да себеп болгон сыяктанат. Анткени алардын тарапкерлери да сот органдарындагы чечимдерге нааразы болуп дээрлик баары президентке, парламентке, өкмөткө бир сыйра кайрылып чыккан. Жакын санаалаштары президентке кайрылган мындай саясатчылардын катарында Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана башкалар бар.

Мындан тышкары, мурда жогорку кызматта жүргөн жетекчилер өздөрүнө кылмыш иши козголгондо пикирин өзгөрткөнү эч кимге жашыруун эмес. Атап айтканда, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев:

Данияр Нарымбаев.
Данияр Нарымбаев.

- Мен өкүнөм. Өз убагында сот реформасына кабинеттик көз карашта болуп калган экем. Азыр эми көп нерсени түшүндүм. Көрсө биздин адвокаттардын укугу тебеленет экен. Сот алардын өтүнүчүн кабыл албай, четке кагат экен. Үстүнөн бирөө-жарым көзөмөл кылганга эч кандай механизм да жок экен. Иш жүзүндө адвокаттарга прокурорлордой укуктарды теңме-тең бербесек сот реформасы ишке ашпайт экен. Мен ушуну туура түшүндүм, - дегени белгилүү.

Мурдагы премьер-министр, азыр ЖЭБ иши боюнча соттолуп жаткан Сапар Исаков да былтыр соттук жыйында бул багытта кандай иштер болуп жатканына көз салбаганы үчүн өкүнгөнүн айткан.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

«Өкүнүчтүүсү - мен президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде чынында эле мүшкүл абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясий куугунтуктун ачык бир өкүлү болуп эсептелем», - деп айтылган анын КСДП тараткан кайрылуусунда.

Бийлик менен жарандык коомдун өз ара аракеттеринин натыйжасында сот жана укук коргоо чөйрөсүн реформалоо боюнча бир катар аракеттер болгон. Коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген жарандарды коргоо жөнүндө мыйзам былтыр жыл аягында парламентте кабыл алынып, 29-январда ага президент кол койгон. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын ишине таасир эте турган бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынып, алар иштей баштады. Антсе да жогорудагы келтирилген статистика бул органдардын ишине ичи чыкпагандар кыйла көп экенин көрсөтүп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG