Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Зеленский президентке импичмент жарыялоонун жобосу тууралуу мыйзамга кол койду


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-сентябрда «Украинанын президентин кызматтан алуунун (импичмент) өзгөчө жол-жобосу тууралуу» мыйзамга кол койду. Жогорку Рада бул мыйзамды 10-сентябрда кабыл алган эле.

Документке ылайык, президент «мамлекетке чыккынчылык кылды же дагы башка кылмыш кылды» деп айыпталса украин парламенти ага импичмент жарыялай алат. Ал үчүн Жогорку Рада убактылуу тергөө комиссиясын түзөт.

Парламент президентти күнөөлүү деп тапса, депутаттар Конституциялык жана Жогорку сотторго кайрылышы керек. Эгер Раданын импичмент тууралуу токтому кабыл алынбаса, анда парламенттин төрагасы Жогорку Раданын атынан президенттен кечирим сурашы керек.

Жогорку Раданын жаңы курамы өткөн айдын аягында ишке кирген. Анда алгачкылардан болуп депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG